Другие новости

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы жаңы 600 000 сомдук издөө-куткаруу шаймандарына ээ болду (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына 600 000 сомдук издөө-куткаруу шаймандары алып берилди.

2017-жылдын 7-июнунун №283 тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлчүлүгүнүн өнүктүрүү фондунан  600 000 сом акча каражаты бөлүнүп, куткаруу шаймандарын алынып, КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына берилди.

КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында издөө-куткаруу шаймандары эскилиги жетип, аны жаңылоо жана материалдык-техникалык базаны чындоо зарылдыгы пайда болгон. Алып берилген шаймандардын тизмеси:

1.     1 даана жел кайыгы;

2.     1 даана мотор жел кайыгын жүргүзүүгө;

3.     1 даана Дрон (учуп видеого тартуу аппараты);

4.     1 даана эхалот;

5.     1 даана кыш мезгилинде кийүүчү суучул костюму;

6.     1 даана дүрбү;

         7.  350 метр куткаруу арканы

         2017-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров алынган издөө-куткаруу шаймандарын Кырыз Республикасынын ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында өткөрүп берди. Башкармалыктын жетекчилиги КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө ыраазычылыгын билдиришти.  

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.