Другие новости

Сиз жана үй-бүлө мүчөлөрүңүз өзгөчө кырдаалдардан сактануу чараларын билүүсү зарыл? (ФОТО)

Үй-бүлөнүн коопсуздугун билип алуунун эң оңой жолу чыкты. КР ӨКМдин Жарандык коргонуунун адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедрасы тарабынан Өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча үй-бүлөлүк көрсөтмө китеби иштелип чыкты.

Кыргызстандын шартына карата көрсөтмө 2017-жылдын июнь айында басылмага берилип, чыгарылды.

Бул нускамада жер титирөө, суу ташкыны, өрт кырсыгы, радиация жана жер көчкү сыяктуу кырсыктар боюнча практикалык кеңештер жана көрсөтмөлөр кеңири түшүнүктүү сүрөттөлүп чагылдырылган.

Китеп жаш балдардан баштап улуу курактагы адамдар үчүн да кызыктуу колдонмо боло алат. Колдонмонун мазмуну оригиналдуу жана кеңири кеп-кенештерге бай.

Нускаманын басылып чыккан саны аз болгондугуна байланыштуу, калкка кеңири жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий mes.kg сайтына жайгаштырылды.

Кыргыз Республикасынын территориясынын уникалдуу географиялык жайгашуусу сейсмикалык жана өзгөчө кырдаалдарга алып келүүчү жаратылыш кубулуштары менен мүнөздөлөт.

Бул ссылка аркылуу кирип, китепти көчүрүп алып, өзүңүздөр да окуп, үй бүлөңүздөргө тааныштырууңуздарды сунуштаймын.http://mes.kg/upload/news/kitep.pdf

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.